Бишкектеги Москва көчөсү качан ачылат? Мэриянын жообу

Москва көчөсү оңдоо үчүн жабылгандан бери ага параллель кеткен көчөлөрдө жол тыгындары пайда болуп, айдоочулардын нааразычылыгын жаратууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Москва көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия Бишкектеги тыгын көйгөйүн көпүрө куруу менен чечет
Муниципалитет шаар тургундары менен айдоочуларды оңдоо иштери создугуп кетет деп кабатырланбоого чакырды. Бардык иштер график боюнча 30-октябрда аягына чыгат.

Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери сентябрда башталган. Анын айынан ага параллель жайгашкан көчөлөрдө автотыгындар пайда болгон. Токтогул көчөсүн убактылуу эки тараптуу кылуу сунушталган, бирок ал иш жүзүнө аша элек.

Оңдоо иштери Кытайдын грантынын эсебинен жасалууда.