Автор бул романы аркылуу кыргыз тилинин ченемсиз байлыгын, тарыхый каармандын көркөм образын жаңыча көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү чексиз экендигин тастыктады.
Биз бүгүн ошол чыгарма тууралуу 12 факты сунуштайбыз.
Романдын эки тараптуу наркы. Бул чыгарма эки тарабы менен өзгөчө бааланат: биринчиси — тарыхый инсан тууралуу жазылгандыгы, тарыхка кайрылгандыгы менен; экинчиси — адабиятта сейрек кездешүүчү ыр менен жазылган роман формасы аркылуу. Мындай эмгек, албетте, өлчөөсүз чоң мээнеттин акыбети.
Акынга академик үмүт байлаткан. Жусуевге бир нече жолу атактуу геолог, академик Муса Мырзапаязович Адышев чоң энеси Курманжан датка тууралуу жазуу керектигин сөз кылчу экен. Бирок азыр убагы эместигин айтып, кези келгенде жазыңыз деп шык берип турган. Ал киши Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына президент болуп шайланган соң көп өтпөй, 1979-жылы 1-январда кокус өлүмгө кабылып, ыр менен жазылган романдын кийинки тагдырын билбей калды.
Переделкино эс алуу жайында жазыла баштаган. 1985-жылдан кайра куруу, ачык айтуу башталган соң Курманжан датка тууралуу кеңири сөз жүрдү. 1989-жылы Муса Адышев каза болгондон он жылдан соң Жусуев Москвадан анча алыс эмес жайгашкан жазуучулардын Переделкино чыгармачылык үйүндө "Курманжан датка" ыр-романын жазууну баштаган. Кийин жазуу иши Фрунзе шаарынын Москва көчөсүндөгү үйүндө, Чолпон-Атада, жазуучулардын "Арашан" чыгармачылык үйүндө улантылды. Беш жылдай жазылып, редакцияланып, 1994-жылы өзүнчө китеп болуп чыкты.
Романды жазууга Курманжандын небереси кол кабыш кылган. Мындай чоң чыгарманы жазуу үчүн материал топтоого, окуп пикир айтып турууга автордун эскерүүсү боюнча алайлык драмачы, режиссёр Мамат Жакыпов, Курманжандын Кара-Суу районунда жашаган небереси Кадырбектин уулу Инаят аке көп маалыматтарды берсе, "Арашан" чыгармачылык үйүндө жазуучу Жунай Мавлянов эң биринчи окурманы болуп, кеңештерин айтып турган. Жусуев Курманжан датканын адамдык укмуштай сапаттары, жасаган иштери, эл арасындагы чоң кадыры, жалпы эле жашаган өмүрү жөнүндө ыр-романга керектүү ар кыл маалыматтарды көбүрөөк жыйноо үчүн анын өмүрүнүн негизги бөлүгү өткөн Алай районуна бир нече жолу барып, материал топтоп келген.
Композициялык түзүлүшү адаттан тышкары чыгарма. Чыгарма прологунда аппак карда Алайдан чыккан Курманжан датканын жолун сүрөттөө менен башталат. Дал ошол кышкы жолдо бараткан токсон алты жаштагы аял бүт өмүрүн ретроспекция ыкмасында бир сыйра көз алдынан өткөрүп чыгат. Мына ушул кышкы кардан башталган чыгармадагы жолду, жолдун башталышын сүрөттөө ар бир главада кайталанып, Курманжандын балалыгынан тартып эл башчылыкка, дипломаттыкка жеткен азаптуу да, кубанычтуу да күндөрүн баяндоо менен адамдын калыптануусун, жетилүүсүн, андан кийинки коомдогу жеке адамдын ордун көрсөтүүгө басым жасалат. Датка өз өмүрүндө "токсон алты алгач жааган кар көрдү, отуз алты миңден ашуун таң көрдү".
Датканын айланасындагы адамдар. Романда бир эле Курманжан датканын образы ачылбастан, анын тегерегиндеги толгон-токой адамдардын тагдырын көрөбүз. Алар — атасы Маматбай, жолдошу Алымбек датка, уулдары Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек, келини Асел айым, Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин, Фергана генерал-губернатору Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов жана башка тарыхта жашап өткөн инсандар жана булардан башка дагы ойдон чыгарылган каармандар.
Чыгарманын негизги сюжеттик сызыгы. Романда Курманжандын турмушка жаңы эле өзү сүйбөгөн жигитке чыгып, андан качып келиши, Алымбек даткага жолугушуусу, экөөнүн тунук сүйүүсү, аял катары күйөөсүн өлүмдөн сактап калган эпизоду, уулу Камчыбектин ак жерден дарга асылышы, ошондогу эненин күйүтү жана сабыры, элдин келечегин, кыргыздардын тагдырын ойлогон көрөсөндүгү менен Скобелев экөө аргасыз келишим түзүп, шартнаамага кол коюшу, өмүр соңундагы арманы, өкүнүчү поэтикалык чебер тил менен жазылган. Ушулардын баарында борбордук орунда тоолук бир жөнөкөй кыргыз аялы турат.
Роман жогорку сыйлыкка арзыган. Чыгарма Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн учурда талкууга мурда бир да учурда болбогондой көп адабиятчылар, жазуучулар, жөнөкөй окурмандар оң пикирлерин айткан, колдоп чыккан. Натыйжада 1998-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Орус тилине Светлана Суслова (Токомбаева) которгон.