Ош шаары туулган күнүн шаңдуу белгилеп жатат. Сүрөттөр

Мындан 19 жыл мурда, тагыраагы 2000-жылы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленип, иш-чара мамлекеттик деңгээлде белгиленген эле.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бүгүн, 5-октябрда, Ош шаары 3019 жылдыгын белгилеп жатат. Майрамга карата шаардын борбордук аянтында КРдин Салбуурун федерациясынын спортчулары улуттук оюндарды көрсөтүп жатканын шаар мэриясынан билдиришти.

"Спортчулар кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан бүркүт салуу, тайган жарыш, жаа атуу, далба ойнотуу оюндарын тартуулашты. Ошондой эле шаар тургундары менен меймандары мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси, таанымал гимнаст Аида Акматованын өнөрүнө күбө болушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, тургундарды куттуктады.

Ордолуу Ош шаары тууралуу кызыктуу фактыларды билгиңиз келсе, Sputnik агенттигинин макаласынан окусаңыз болот.