...Бир кездерде тарыхый мекени жөнүндө радиодон гана тыңдап, кыялданып, бир көрүүнү самаган. Кайрылман мекендешибиз менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы маек курду.
Быйыл туура кырктын кырындагы Кадыр Алы адегенде Кытайдагы Синьцзянь университетинде кытай тили жана адабияты боюнча билим алып, кийин КЭРдин Сиан шаарындагы Түндүк-Батыш (NorthwestA&SUniversity) агротехникалык университетин аяктап, агроном адистигине ээ болуп чыккан.
— Бизнес баштоого эмне түрткү болду? Турмуштук муктаждыкпы же бизнеске болгон кызыгуубу?
— Бала кезде досторум менен аябай чоң ишкана ачсам, көп киши менен иштешсем, анан иш сапар менен ар кай жакка барып турсам деп кыялданар элем. Жогорку билим алгандан кийин өкмөттүк иш же башка деп алаксыбастан, түз эле бизнес жаатына кетейин деп чечтим. Жалал-Абадда, кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагында иштедим. Ар кыл жакта тажрыйба топтогон соң өз алдынча чыйыр салууну чечтик. 2007-жылдан тарта бизнестемин. Жети бала биригип, көп тармактуу компаниянын ишин жолго койдук.
— Өнөктөштөрүңүз менен кандайча табышып калдыңыз? Баары кантип башталды?
— Достук бизди бир жолго салды. Чогулуп алып “кимде кандай мүмкүнчүлүк бар, тигинтели, минтели” деп чын дилден чыккан ойлордон тутанды баары. Кудайга шүгүр, азыр ар бирибиздин үлүшүбүз, ар бирибизге бөлүнгөн багыт, ага жараша жоопкерчилигибиз бар.
— Кандай кыйынчылыктарга тушуктуңуздар? Же баары шыр болдубу?
— Оңой-олтоң жүрүп кетпейт баары. Башында жаштыгыбыздан уламбы, бизнес планды тактоодо чабалдык кылдык. Иш баштоо үчүн акча, инвестиция салыш керек, бирок андан да татаал жагы бар. Ар бир иш ийне-жибине дейре түшүнө билүүнү талап кылат экен. Аары багып, балды алганды билгенибиз менен аны сорттоо, эл аралык стандартка тууралоо жагынан бир топ кыйналдык. Мына алты жыл өттү, эми гана эл аралык стандарттарды толук түшүнүп келе жатабыз. Үйрөнө турчу нерселер али алдыда.
Андан тышкары, документация жагы кыйнады. Көптөгөн жол-жоболордун эски бойдон калышынан улам бул багытка тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып барууда кыйынчылыктар болду. Айрым нерселер так эмес, кээ бир кишилер өз жумушун жакшы биле бербейт. Бара-бара иш жолуна коюлуп, тил табышып калдык, соңку жылдары иш так жүрүп келе жатат.
— Эмнеге балга басым койдуңуздар? Байкасам, таттуу азыктын бир топ түрүн чыгарат экенсиздер...
Алты жыл аралыгында табигый тоо балынын алты түрүн чыгарып, таттуу азыктарды өндүрүүгө да жетиштик. Балды бир катар мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ, Япония, Корея, Персия булуңу жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттойбуз. Быйыл сентябрда Канаданын Монреаль шаарында өткөн Apimondia & APIEXPO 2019 аарычылык көргөзмөсүнө катышып келдик. Аракетибиздин акыбети кайтып, экологиялык жактан таза, уникалдуу, тоо балы үчүн медаль менен сыйландык.
— Экспорттоонун тилин кантип таптыңыздар?
— Бал ишине киргенден бери көргөзмө, жарманкелерге тынбай катышабыз. Япония, Кытай, Корея, Катар, ж.б. биздин балды таанытууга салым кошуп келебиз. Андан тышкары, аэропорттогу Duty free аймагында да өндүрүмдөрүбүз сатылат. Ушундай жолдор менен чет жерден кардарларды таптык, байланыш түздүк. Бул багытта иш дагы уланмакчы.
— Бизнеске аралашуу үчүн атайын билимдин зарылдыгы барбы?
— Менимче, бизнестин кандай түрү болбосун, билим зарыл. Андай болбосо, бизнесте адамдын кыйналганы кыйналган.
— Бизнес жүргүзүүдө адамга устат же кеңешчи керекпи?
— Жол көрсөткөн, кыраакы кишилер менен баарлашып туруу жакшы нерсе. Аябай күчтүү бизнесмен, өкмөттүк иштеги агаларыбыз бар, алар менен кеңешип, тажрыйбаларын талдап, көптү үйрөнөбүз. Мурда-кийин билбей же эч ким менен кеңешпей баштаган иштен зыян тартып калган учурларыбыз көбүрөөк.
— Ишканаңыздар кайсы тармакта иш алып барат? Кайсы багытты жолго коюш оңой болду, кайсысы бир топ кыйноого салды?
— Негизинен беш багытта иш алып барабыз. Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн буюртмаларды алып, тоо-кен техникалары, мунай жана ар кандай жабдыктар менен камсыздайбыз. Андан тышкары, бал, балды кайра иштетүү менен алекпиз. Кремний өндүрүүдө башка бир өнөктөштөр менен бирге иштешебиз. Кыргыз-кытай чек арасында соода комплексин куруп жатабыз. Чет элдик дандуу маркалар боюнча япон ишканасынын франшизасын алып иштеп жатабыз. Ар бири эмгекти талап кылат, булардын ичинен жабдыктарды ташуу иши гана бир аз жеңил башталган. Айрым долбоорлордон бүткөндөрү бар, кай биринин инвестициялык көлөмү чоң, анүстүнө Бишкекте эмес, ар кай жакта болгондуктан, ишти көзөмөлдөө кыйынга турду.
— Азыр дүйнө ушундай тездик менен өзгөрүп турат, иш жүргүзүү да улам үйрөнүп, билимди өркүндөтүп, тажрыйбаны арбытууну талап кылса керек. Заман менен кадамдаш болуп дегеним...
— Туура айтасыз, заман менен жарышыш керек. Санариптешип жаткан заманда бизнес өтө көп билим-жөндөмдү талап кылууда.
Кытай тилинде эркин сүйлөйм, көп иштерге пайдасы да тиет. Бирок азыркыга дейре англис тилин же япончо үйрөнүп албаганыма өкүнөм. Азыркы заманда тил билген жакшы экен. Бир нече тил билип, кайсы тармакка киришсек, ошого тиешелүү билимге ээ болуп, мындан тышкары, бухгалтерия жагын да түшүнүп алсак, зыяны тийбейт.
Сырттан карап көп кишилер “булар акча таап жыргап жатышат” деп ойлошор, бирок бизнестегилер тынымсыз, кээде 24 саат бою иштөөгө аргасыз болушат. Иштен сырткары ар бир баскан-турганыбыз улам жаңы нерселерди үйрөнүп, өздөштүрүп, тажрыйба алмашууга байланыштуу.
— Ишкана ачып, бир аз бутуна турганда эле көп адамдар саясатка умтулушат. Сиздин жана өнөктөштөрүңүздүн бул чөйрөгө аралашуу ниети жокпу?
Мүмкүнчүлүк болсо, биз да аралашсакпы деген ойлор болгон. Өнөктөштөрүбүздүн арасынан шыктуусун колдоп, жиберип калышыбыз да ыктымал. Саясат — чоң бизнес, атаандаштык күч, абдан катуу соккулар болушу мүмкүн. Ошолордун баарына туруштук берип, адамдык ордуңду сактап калууга саясатта кыйын болсо керек... Менимче, өз багытыбыз менен деле алдыга жыла берсек, чоң ийгиликтерге жетебиз.
— Жаңыдан бизнес баштоого ниет кылгандарга кандай кеңеш берер элеңиз?
— Башкалар акча таап жатат деп эле аларды туурап бизнес ачпастан, өзү кызыккан, түшүнгөн багытка бет алуу кажет. Өнөктөштөрдү туура тандоо абзел. Жумушту баштардан мурун баарын тактап, чечишип алган оң. Иштин көзүн билген кызматкерлер да бизде чоң көйгөй. Жумушчуларды да туура тандоого басым жасаш керек. Ушул жагынан япон системасындагы ишкерлердин иш баштоо принциби менен таанышып коюу дурус. Айтор, бизнес ачууда анын пайдубалын бекем түптөп алган жакшы.
— Кыргызстанда бизнес баштагандар эмнеден кыйналат? Айрымдар салык боюнча наалып калышат...
— Өлкөдө салык жеңил эле, өтө оор салык жок. Менимче, тийиштүү жол-жобо, мамлекеттик ачык-айкын стандарттардын жоктугу же эл аралык стандарттарга туура келбегени, мамлекеттик колдоонун аздыгы кыйынчылык жаратат. Ар бир бизнести баштаганда эл менен бирге мамлекеттик органдар менен иштешүүгө туура келет.
Кыргызстанда финансылык институт же банктык тармак жакшы деңгээлге жете элек, башкача айтканда, инвестициялык климат турукташкан эмес. Чакан мамлекет болгондуктан, өндүрүшкө ылайык келбейт. Көп өндүрсөң — базар жок, биздин базарга чактап өндүрсөң — кымбатка түшүп, өздүк наркы жогорулап кетет.
— Жашооңузда сизге жөлөк, тирек болуп же эргүү тартуулаган кимдер бар?
— Албетте, ата-энебиз, алардан тышкары, дайым колдоп-коштоп келген досторубуз, турмуштан тапкан агаларыбыз. Жөлөк болгон кишилер арбын.
— Эгер сиз туурасында китеп жазыла турган болсо, өзөк темасы эмне жөнүндө болмок?..
— Ким элем, ким болдум, ким болом деген теманын тегерегинде...
— Макул, анда ким элеңиз, ким болдуңуз?
Ушул тапта аз да болсо иш түптөгөн, жок дегенде 60-70 жумуш ордун түзгөн, мамлекетке миллиондогон салык төккөн орто деңгээлдеги ишкерге айландык. Үч-төрт баланын атасы болдук.
Мурдагы иш десе ишке тойбогон, мекен сүйөр, эл сүйөр жалын жаштыгыбыз кыскарып, анын ордун азыр материалдык же башка байлык ээледи. Он беш жыл мурда тыйыныбыз жок болсо, азыр колубузда бар. Он беш жыл мурун мекенге кызмат кылабыз деп ташкындап турсак, азыр деле ал тилектер менен келе жатабыз деңизчи, бирок тапканыбызды кантип сактап калабыз, кийинкиге кантип жеткиребиз деген да ойлор жаралбай койгон жок. Бул ачуу чындык, менимче, ар бир эле адам ушундайга кабылат. Бул нерсени туюп, моюнга ала билиш да жакшы нерсе. Ошондуктан биз ишке улам жаңы кан куюп, жаштарды ишке тартып, жаштарды ишке алууга басым жасайбыз.
— Өзүңүздүн балачагыңыз кайда, кандай өткөн?
— Кызыл-Суу облусундагы Уулчат районунда Терек айылында чоңойгом. 1991-92-жылдары кыргыз-кытай чек арасы жаңыдан ачылып, соода-сатык жаңыдан башталган кез эле. Ата-энем ошол жакта соода кылчу, каникулда, бош убакта алардын жанына барчубуз. Кыргызстандан келгендерди туристтер деп койчубуз, эжелер, байкелер, айдоочулар келчү, каттамдар көбөйгөн.
Биздин айыл, жайлообуз Торугартка туташат. Кыргызстандын радиосу тартчу, апам аны тынбай тыңдайт. Телевизор деле ал убакта баарында болчу эмес, бирок телеге караганда радиодон уккан аябай таасир этер эле. 1995-жылы "Манас" эпосунун миң жылдыгы, андан башка окуяларын, кыскасы, бардык жаңылыктарын радиодон угуп жүрдүк. Баары көөдөнгө кирген, акылыбызга сиңип калган ширелип.
— Кыргызстанга алгач кайсы курагыңызда келдиңиз?
— Университетти бүтөр жылы, тагыраагы, 2004-жылы келгем.
— Кызылсуулук кыргыздардын турмушунан бир аз кеп салсаңыз?
— 1990-жылдары аябай оор болчу. Ал кезде жалпы эле Кытайда оор болсо керек. Соода менен келген ага-эжелер, Алайкуудан барган таякелерибиз, туугандарыбыз турмушубузду көрүп, аябай кейип кетишчү. Бирок азыр мурдагыга караганда жашоо деңгээли алда канча көтөрүлгөн. Бардыгы үйлүү-жайлуу, талаада калган киши жок, өкмөт да жакшы карайт.
— Жарандык маселеси кандай чечилди?
— Буга себепкер кишилер бар. Виза иштери боюнча алектенген тааныштар документтерди даярдап тапшырууга жардам беришкен, кийин алар менен дос болуп калдык. Ошол тушта Кулов премьер-министр болчу, кайрылман кыргыздарга жеңилдетилген түрдө жарандык берүү токтому чыккан. Анын негизинде 2007-жылы жарандыкка сунуштап, 2008-жылы жыйынтыгы чыккан.
— Ата-энеңиз кайда турат? Кызыл-Суудабы же Кыргызстандабы?
— Ата-энем, тууган-туушкандарыбыздын баары Кытайдын Кызыл-Суусунда. Жылда каттап турушат. Ата-энемди көчүрүп келейин десем, картайып калышты, жоро-жолдоштору да Кытай жакта болгондуктан, келип-кетип турууну эле туура көрүшөт.
— Кайсы регионго күйөө бала болдуңуз?
— Чүйгө, кайын-журтумдун теги Суусамырдан, бирок Кара-Балта шаарында жашашат.
— Кырктын кырына келгенде адам турмуштан кандай бүтүмдөрдү чыгарат?
Киши аябай сабырдуу болгону оң экен. Майда маселелерге ачууланып, күйүп-бышып, маанисиз убакыт коротпой, сабырдуу жүрүш абзел. Эски деп жерибестен, улуулардын кеп-сөзүн тыңдап, тыкыр талдап, кабыл алганыбыз оң. “Карынын кебин капка сал” деген тегин жерден эмес тура. Жаштык кылып зыян тартып калгыча, улуулардын айтканын кулакка түйүп алган дурус.