Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү

Бакиров өз сөзүндө чемпиондуктун артында эбегейсиз мээнет турарын, машыктыруучу Нурбек Изабековдун жасаган эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго да көңүл буруп, жок дегенде бир бөлмөлүү батир берүү керектигин айтып, өкмөткө кайрылды.

"Күлүктү саяпкер таптайт. Балбан кыздарды машыктыруучулар таптайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир берип колдоо көрсөттү. Эстафетаны өкмөт алып, кийинки колдоону машыктыруучуга көрсөтүп, жок дегенде бир бөлмөлүү батир берип койсоңуздар чоң колдоо болот. Бул Токиодо өтө турчу Олимпиада алдында чоң стимул болмок. Ошону карап койсоңуздар", — деди ал.

Бакиров өз сөзүндө чемпиондуктун артында эбегейсиз мээнет турарын, машыктыруучу Нурбек Изабековдун жасаган эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова 20-сентябрда Нур-Султан шаарындагы күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.