Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр

Жарык берүү иштерин Кытайдын China Road & Bridges Corporation корпорациясы аткарууда. Подрядчылар бардык ишти күз айларынын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Борбор калаанын жаңы эле оңдолуп бүткөн 14 көчөсүн жарыктандыруу иштери жүрүп жатканын мэрия билдирди.

Жыл аягына чейин өлкөдө аталышы жок көчө калбайт
Маалыматта жарык берилген көчөлөрдүн баары жаңы конуштарда жана шаардын жака-белинде жайгашкан. Негизинен жарыктандыруу иштери Ахунбаев көчөсүнүн батыш тарабында жүргүзүлүп жатат. Садырбаев менен Тагай бий көчөлөрүнүн ортосунда фонарлар үчүн 160 тирөөч коюлса, Алыкулов көчөсүнө жалпы жонунан 75 тирөөч орнотулат. Мында Гагарин менен Муромский көчөлөрүнүн ортосу жарык болуп калмакчы.

Жарык берүү иштерин Кытайдын China Road & Bridges Corporation корпорациясы аткарууда. Подрядчылар бардык ишти күз айларынын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.