Жээнбеков Молдованын президентин Кыргызстанга чакырды

Жээнбеков Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европа биримдигине чыгаруудагы Молдованын ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Молдованын президентин Кыргызстанга чакырды

Анда эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги талкууланган.

"Сооронбай Жээнбеков Молдова менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип, учурдагы эки тараптуу мамилелердин деңгээли өлкөлөр ортосундагы потенциалга жооп бербей тургандыгын белгиледи. Ал дагы бир ирет Кыргызстан жана Молдованын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков, андан сырткары, Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европа биримдигине чыгаруудагы Молдованын ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков президенттер менен селфи жасады
Өз кезегинде Додон дагы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 1,5 миллион АКШ долларын түзүп, анча жогору эмес деңгээлде экенинин баса айтты.

Молдованын президенти алардын биримдик менен жакындашуусу 2017-жылдын апрелинде дал Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында башталганын билдирди.

Андан сырткары, Додон Жээнбековдун расмий сапар менен Кыргызстанга келүү чакыруусун кабыл алып, аны дагы Молдовага сапар менен келүүгө чакырды.