Ереванда ЕАЭБ башчыларынын жыйыны башталды

Жыйын Арменияда өтүп жатат. Анда 16га чукул маселе каралары күтүлүүдө. Иш-чаранын соңунда катышуучулар жыйынтыктоочу документке кол коюшат.
Sputnik

ЕРЕВАН, 1-окт. — Sputnik. Ереванда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никола Пашинян, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын лидери Владимир Путин катышууда.

Жээнбеков Молдованын президентин Кыргызстанга чакырды
Мамлекет башчылары тар чөйрөдө үч маселени карайт. Андан соң кеңири форматтагы жыйын өтөт. Анын алкагында 13 маселени кароо пландалууда. Жолугушуулардын соңунда жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат. Ошондой эле Сингапур менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода зонасын түзүү боюнча келишимге кол коюу күтүлүүдө.

Саммиттин алкагында "Евразия континентинин транзиттик потенциалы" аттуу эл аралык форуму өтөт. Ага Кыргызстандын ишкерлери катышат.