Франциянын экс-президенти Жак Ширак жерге берилди. Тажияга Путин да барды

Жак Ширак Францияны 12 жыл башкарган. Бүгүн аны 2016-жылы каза болгон кызынын бейитинин жанына коюшту.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Францияда мурдагы президент Жак Ширак жерге берилди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Ал 26-сентябрда каза болгон.

Мамлекеттик мекемелер менен мектептерде анын жаркын элеси эскерилди.

Ок башына тийген. Армениянын экс-министринин сөөгү дачасынан табылды
Дүйшөмбү күнү Францияда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тажия Париждеги Сен-Сюлпис чиркөөсүндө өтүп, ага бир катар мамлекеттердин башчылары келди. Россиядан президент Владимир Путин барган.

Ширактын сөөгү Париждеги Монпарнас көрүстөнүндө 2016-жылы каза болгон кызынын бейитинин жанына коюлду.

Жак Ширак Францияны 1995-2007-жылдары башкарган. Андан тышкары, айыл чарба министри, эки жолу премьер-министр болгон. Президент болуп шайланганга чейин Париждин мэри кызматын аркалаган.