Чоң атасы атууга кеткен. Министр Чыңгыз Айдарбеков тууралуу 8 факты

Интернет колдонуучулар министр Чыңгыз Айдарбековду колдоого алып, атургай айрымдары аны келечектеги президент катары көрөрүн жазып чыгышты.
Sputnik

Кыргызстан БУУ трибунасынан дүйнөгө чакырык таштады
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында доклад окугандан кийин социалдык тармактарда бир топ колдоо тапты.

Дүйнөлүк трибунада туруп өзүнө ишенимдүү сүйлөшү, мыкты дикциясы көпчүлүктүн купулуна толуп, аны келечекте өлкө лидери катары көргүсү келгендер дагы четтен чыкты.

Мындан улам Sputnik агенттиги министр тууралуу кызыктуу фактыларды топтоп көрүүнү чечти.

Туулган жылы жана жери

Айдарбеков октябрь айынын 27синде 42 жашка чыгат. Ал 1977-жылы Бишкек шаарында туулган

Билими

1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, "Эл аралык байланыштар" боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы ушул эле университетте "Юриспруденция" боюнча магистратураны бүтүргөн. Ал эми эки жыл мурда Кыргыз-Россия славян окуу жайынын аспирантура бөлүмүн бүтүрдү. Илимий даражасы — юридикалык илимдердин кандидаты. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. 

Чоң атасы атууга кеткен. Министр Чыңгыз Айдарбеков тууралуу 8 факты

Жогорку Кеңеште

2012-жылдан тарта 2016-жылга чейин КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Дал ошол жылдары Айдарбеков ишинен өзгөчөлөнүп, өлкө жетекчилеринин көзүнө көрүнө алганы айтылып жүрөт.

Кайсы мамлекеттерде иштеген?

Айдарбеков Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө эмгектенген. Мисалы, 2005-2008-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы, 2008-2010-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде кеӊешчи болгон. 2016-жылдан баштап тышкы иштер министри кызматына дайындалганга чейин Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон

Чоң атасы атууга кеткен. Министр Чыңгыз Айдарбеков тууралуу 8 факты

Тектүү жердин уулу

КР тышкы иштер министри БУУнун баш катчысы менен жолукту
Чыңгыз Азаматович тектүү жерден чыккан. Расмий маалымат боюнча, министр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук жана саясий ишмер Иманалы Айдарбековдун небереси. Ал 1938-жылы репрессиянын каары менен атууга кеткен. Анткен менен 1958-жылы репрессиянын курмандыктары, белгилүү саясий ишмерлер менен бирге акталган.

Ал эми үй-бүлөгө жакын адамдардын айтымында, Чыңгыз Айдарбеков Иманалы Айдарбековдун жээн небереси болуп кетет.

Өз атасы Азамат Эгембердиев медицина илимдеринин доктору болуп, Россиянын Илимдер академиясынын онкология борборун жетектеген. 

Үй-бүлөсү

Айдарбеков келинчеги Асел Базаркулова менен үч баланы тарбиялайт. Жубайы кесиби боюнча юрист. 

Чоң атасы атууга кеткен. Министр Чыңгыз Айдарбеков тууралуу 8 факты

Кирешеси

Тышкы иштер министри ЖМКлар үчүн жабык, тагыраагы, өзү тууралуу айта берүүнү жактырбайт. Атургай бир нече ай мурун Sputnik агенттигине айлыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп жүргөн кезде (2016-жылы) 2 миллион 224 миң сомдук киреше тапканын декларациясында көрсөткөн.

Сыйлыктары

2011-жылы натыйжалуу жана чын дилинен аткарган кызматы үчүн КР президентинин атынан алкыш жарыяланган. Кийинки эле жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан алкыш алган. Эл аралык кылмыш укугу, тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макалалардын автору.