Министр кайрылган ар бир жаранга маданияттуу мамиле кылууну талап кылды

Аткаминер соңку жылдары коомчулук тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине сындар көп айтылып, элдин ишеними төмөндөп кеткенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мындан ары Билим берүү жана илим министрлигине келген ар бир жаранды маданияттуу кабыл алып, ага адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керек. Министр Каныбек Исаков түзүм кызматкерлери менен өткөн жыйында ушундай талапты койгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Бизге келген ар бир жаранга маданияттуу мамиле жасалсын. Арыз-даттанууларын дыкат угуп, аларга мыйзамдүү түрдө көмөк көрсөтүп, жарандардын муктаждыктарын өз убагында чечип, министрликтин кызматкерлери ишке карата жоопкерчилигин жогорулатышы керек. Ар бир кызматкер жумуш ордун таза сактоого милдеттүү", — деди министр.

Жээнбеков билим берүү тармагын оңдоого өзү киришмей болду
Ал соңку жылдары коомчулук тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине сындар көп айтылып, элдин ишеними төмөндөп кеткенин белгиледи.

"Министрлик билим берүүчү органдын башкы мекемеси катарында өзү үлгү көрсөтсүн. Бул республикадагы бардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептерге чейин жайылтылып, элге позитивдүү маанай жаратып, билим берүү системасынын деңгээлин, аброюн коомдо көтөрүү боюнча иштер аткарылууга тийиш", — деди ал.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Билим берүү министрлигинин имаратында ремонт иштери жасалып, эстетикалык көрүнүшү өзгөрдү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.