Апта ирмеми: кишилерден куралган мунарадан тарта тамчыга баткан бакага чейин

Sputnik

Парижде салтка айланып калган мода жумалыгы өттү. Анда белгилүү бренддер "Жаз/жай — 2020" коллекциясын тартуулашты.

Энесин жонуна көтөргөн жигит. Көчмөндөр оюндарынан 15 сүрөт
Бишкекте ЕАЭБдеги эң ири саналган "Евразия жумалыгы - 2019" ишкер форуму өттү. Ага эки миңден ашык киши катышты. Алардын арасында ири компаниялардын жетекчилери, ЕЭК министрлери бар.

Түштүк Кореянын Ульсан портунда нефтепродукту ташыган танкер жарылып кетти. Бактыга жараша эч ким жаракат алган эмес.

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-жыйынында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.

Россиянын Волгоград шаарындагы "Родина – мать зовет" монументи оңдолууда.

Жакарта (Индонезия) шаарында парламенттин алдында студенттердин каршылык акциясы өттү.

Барселонада жыл сайын өтүүчү Ла-Мерсе фестивалы болду.

1 / 16
Барселона шаарындагы Ла-Мерсе фестивалында кишилер бири-биринин үстүнө чыгып мунара тургузушту
2 / 16
Парижде салтка айланган мода жумалыгы өтүп, 2020-жылдын жаз, жай айларында кандай кийимдер мода болору көрсөтүлдү
3 / 16
Бишкекте "Евразия жумалыгы — 2019" ишкер форуму өттү
4 / 16
Түштүк Кореянын Ульсан портунда мунай продукциясын ташыган танкер жарылды
5 / 16
БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-жыйынынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту
6 / 16
Тель-Авивдеги деңиз таш бакаларын сактоо борборунун атайын программасынын алкагында жумурткадан жаңы чыккан таш бака сууну көздөй бара жатат
7 / 16
Жакартада студенттер нааразычылык акциясына чыгышты
8 / 16
Болгариянын премьер-министринин Сеулга болгон сапары учурунда Түштүк Кореянын тхэквондо боюнча командасы өнөрүн көрсөттү
9 / 16
Урсула деген ат ыйгарылган ак аюу Красноярск аймагындагы зоопаркта сууга секирүүдө
10 / 16
Порт-о-Пренс шаарында күйүүчү майдын тартыштыгынан улам каршылык акциясына чыгышты
11 / 16
Көчө сүрөтчүсү Бэнксинин Британ парламентин тарткан сүрөтү Sotheby'sа аукцион үйүндө сатыкка коюлат. Баштапкы баасы 1,9 – 2,5 миллион доллар.
12 / 16
Эл аралык космос станциясынан "СоюзФГ" ракетасынын учкан маалын сүрөткө тартып алышкан
13 / 16
Мексиканын Герреро штатында беш жыл мурда жоголуп кеткен 43 студенттин жаркын элесин эскерүү жүрүшү баш аламандыкка ооп кетти
14 / 16
Калькуттада Дурга кудайына сыйынуу иш-чарасына даярдыктар жүрүүдө
15 / 16
"Родина – мать зовёт" монументинин көрүнүшү
16 / 16
Непалдын Лалитпур аймагында жайгашкан көлмөдө өскөн лотостун жалбырагындагы тамчы сууга түшүп калган бака