Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 30-сентябрь, дүйшөмбү күнү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүн көзү бузулат. Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +12…+17, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, борбор калаада күндүн табы +16…+18 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто абанын температурасы +18…+20 градуска чейин жетет.