Радио

Пакыров: IT тармагында потенциалыбыз жогору, бирок адистер жетишсиз

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров IT тармагын алып кетүүгө Кыргызстандын потенциалы абдан чоң экенин айтты.
Sputnik
Пакыров: IT тармагында потенциалыбыз жогору, бирок адистер жетишсиз

Экономикабызды көтөрүү үчүн замандын талабына жараша саясат жүргүзбөсөк артта калып жатабыз. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, IT тармагын колго алып реформаларды жасап калбасак, коңшу мамлекеттерден артта калып калышыбыз мүмкүн.

"Учурда эл мамлекеттен жардам күтпөстөн өзү иш алып барып жатат. Дайыма изденүү жолунда жүргөн, жаңы идеяларга бай ишкерлер арбын. Тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып калуу саясаты жакшы жүрбөй жатат. Дүйнөлүк абройлуу компанияларда иштеген мекендештерибиз абдан көп. Биздин өлкөнүн туризм, тейлөө жана ошол эле IT тармагы боюнча потенциалы жогору. Азыркы учурда IT — бул чоң океан. Анын ичинде толгон-токой тармактар бар. Мисалы, бизде ушул тармак боюнча алектенген компаниялар өз продукцияларын Америкага сатып жатканын айтышууда. Дагы дүйнөлүк масштабдагы буйрутмаларды алыш үчүн бул тармакта билими бар адистерибиз аз. Андан тышкары, чет жакка чыгып калганда санариптешүү процессин иш жүзүндө көрө алабыз. Казакстан, Өзбекстанда коомдо маалымат технологиясына өтүү керек деген сигнал бар. Алар учурда катуу изденип жатышат. Бизде андай ой калыптана элек", — деди Пакыров.

Ал мектептерге IT боюнча предметтерди киргизип, системдүү иш алып баруу керектигин кошумчалады.