Бишкекте аёосуз сабалгандар. Министрлик бейтаптардын абалын айтты

Үч киши 28-август күнү эртең менен Жал кичи районундагы супермаркеттин жанынан ур-тепкиге алынган. Экөө оор абалда ооруканага жеткирилгени маалым болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Борбор калаада катуу сабалып, оор абалда Улуттук госпиталга түшкөн эки кишинин бири ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Эскерте кетсек, окуя 28-август күнү эртең менен болгон. Жал кичи районундагы супермаркеттердин биринин жанынан үч киши мыкаачылык менен таякталып, экөө ооруканага түшкөн.

"Кома абалында келген бейтап бир топтон кийин эсине келген. Саламаттыгы жакшырып, бир жума мурун үйүнө чыгарылды. Экинчи жабырлануучунун жаактары сынган, ага операция жасалды, кийинки жумада чыгат деп жатабыз", — дешти дарыгерлер.

Бишкекте кишилерди аёосуз сабады деген шектүүлөрдүн колу сындыбы? Сүрөт
Үч кишини сабаган ага-инини окуя болгон жерден милицияда иштеген бир тууганы кесиптештери менен келип алып кеткен. Мушташ камерага түшүп, көпчүлүккө тарап кеткен. Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келип, тергөө амалдарынан кийин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алган. Милицияда иштеген бир тууганы да 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.