Афганистанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ашраф Гани добуш берди

Бул сапар 15 талапкер ат салышууда. Алардын арасында азыркы президент Ашраф Гани жана анын 2014-жылдагы шайлоодогу атаандашы, аткаруу бийлигинин азыркы башчысы Абдулла Абдулла бар.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Афганистанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат, анда өлкөнүн учурдагы президенти Ашраф Гани да келип добуш берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Гани Кабул шаарындагы "Амани" мектебинде добуш берип, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө коопсуздукту камсыз кылып тургандыгы үчүн ыраазылыгын билдирген.

"Бүгүн жакшы күн, эл добуш берүү үчүн кайрадан шайлоо тилкелерине келип жатат", — деген ал.

Президент, мындан сырткары, бул процессти уюштурууга жардам берген эл аралык өнөктөштөргө да рахматын айткан.

"Мамлекеттик кызматкерлердин бардыгын бул процесске кийлигишпөөгө жана элдин тандоосуна мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз" , — деди президент.

Тажикстан: Афганистанда террорчулардын саны көбөйүп кетти
Афганистандагы президенттик шайлоо өлкөдөгү радикалдык "Талибан" кыймылы менен АКШнын тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз болуп калган учурунан кийин өтүп жатат. Радикалдар шайлоону үзгүлтүккө учуратуу туурасында жар салган.

Бул сапар 15 талапкер ат салышууда. Алардын арасында азыркы президент Ашраф Гани жана анын 2014-жылдагы шайлоодогу атаандашы, аткаруу бийлигинин азыркы башчысы Абдулла Абдулла бар. Алгач мамлекетти башкарам деген ниет менен 18 адам чыкса, кийинчерээк алардын үчөө талапкерлигин алып салган. Булардын ичинен экөө учурдагы лидерди колдоо иретинде жарыштан четтегендигин билдирген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.