Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан чыгып кетти. Себеби

Саясатчынын үзөңгүлөштөрү Бабанов кайра Кыргызстанга сөзсүз кайтып келерин билдиришти. Ал эми УКМК мурдагы депутат күбө катары суралып жаткандыктан сыртка чыга аларын маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов Москвага учуп кетти. Бул тууралуу маалыматты УКМК тастыктап, ал күбө катары суралып жаткандыктан сыртка чыгууга укугу бар экенин маалымдады.

Ал эми саясатчынын үзөңгүлөштөрү Бабанов Москвага жеке иштери менен кеткенин айтып, Кыргызстанга кайра сөзсүз кайтып келерин кошумчалашты.

Бабанов Текебаевдин үй камагына чыгышы боюнча пикирин айтты. Видео
Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен кайра баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары тосуп алган. Ал эми УКМК аны үч ирет күбө катары суракка чакырган. Саясатчы журналисттерге тергөөчүлөр Он-Адырдан башка иштер боюнча дагы суракка алганын билдирген. Бирок ал эмне болгон иштер экени ачыкталган эмес.

Бабанов Финполго дагы бир нече ирет сурак берип чыккан.