БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кытайда коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин кызматкерлери паракорлукка шектелген аткаминердин үйүн тинтип, 13,5 тонна алтын куймалары менен таңгакталган акчаларды тапкан. Бул тууралуу World journal басылмасы жазды.
Кармалган аткаминер Хайнань провинциясындагы Хайкоу шаарынын мурдагы мэри болуп иштеген. Учурда 58 жашта. Ал алтын куймалары менен акчаны үйүнүн жер төлөсүнө жашырган. Маалыматка ылайык, табылган алтындар менен акча 268 миллиард юань же 37,5 миллиард долларга барабар.
Тинтүү учурунда тартылган кыска видео социалдык тармактарга тарады.
Кармалган аткаминер мэрликтен тышкары түрдүү мамлекеттик кызматтарды да ээлеген. Тактап айтканда, Коммунисттик партияга Хайнань провинциясынан мүчө болгон.
Тергөө учурунда анын аянты миң чарчы метрден ашкан хан сарайы бар экени аныкталган. Эми ал өлүм жазасына тартылышы ыктымал.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.