Бишкек — Ош багытындагы төрт авиакаттам токтотулду

"Эйр Манас" компаниясынан учак "Ош" аэропортуна барып конгондон кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра уча албай калганын айтышты. Азырынча бузулуусунун себептери дагы аныктала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортунда Бишкек — Ош багыты боюнча каттам токтотулуп, жүргүнчүлөр уча албай, орто жолдо калды. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн бири Sputnik агенттигине билдирди.

"Бүгүн саат 12.00дө "Эйр Манас" компаниясынын учагы менен Ош шаарына учуп кетишибиз керек эле. Бирок ушул убакка чейин белгисиз себептерден улам уча албай отурабыз. Бир аз мурда компаниянын өкүлү жүргүнчүлөргө чыгып, каттам токтотулганын айтты", — деди жүргүнчү.

Учакты сааттап күткөн жүргүнчүгө компенсация төлөнөбү? Юристтин жообу
Аталган компаниянын бүгүнкүгө белгиленген бардык каттамдары токтотулганын "Манас" аэропортунун маалымат кызматы дагы тастыктады.

"25-сентябрда аткарыла турган Ош — Бишкек (198, 205), Бишкек — Ош (197, 206) каттамдары токтотулду", — дешти аэропорттун маалымат кызматынан.

Ал эми "Эйр Манас" компаниясынан учак "Ош" аэропортуна барып конгондон кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра уча албай калганын айтышты.

"Учакты азыр текшерип жатышат, бирок токтоп калышынын себеби аныктала элек. Андыктан жүргүнчүлөрдү кармабайлы деп бүгүнкү каттамдарды токтоттук. Жүргүнчүлөр билеттерин тапшыра берсе болот. Акчасын толугу менен кайтарып беребиз", — деп айтышты компаниядан.

Ачык булактагы маалыматтарга караганда, авиакомпаниянын бир гана учагы бар.