БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү тууралуу айтты.
Ушул тапта Бишкекте "Евразия жумалыгы — 2019" форуму өтүп жатат. Ага өкмөт башчы дагы катышууда.
"ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттар барган мамлекетиндеги жарандар менен катар эле бардык укуктарын колдонушу керек. Бул нерсе ЕАЭБдин негизги максаты болуусу зарыл. Пенсияга чыгуу, медициналык камсыздандыруу, айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорду таануу маселелери карапайым элдин пайдасына чечилиши керек", — деди ал.
Мындан тышкары, Абылгазиев мигранттардын тапкан акчасын мекенине жөнөтүүгө коюлган чектөөлөргө дагы токтолду.
Белгилей кетсек, бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт.