Абылгазиев: Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн шарт жакшырууда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдеги ири ишканалардын жетекчилеринин алдына чыгып сүйлөп, Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда инвестициялык климат жагымдуу боло баштаганын премьер Мухаммедкалый Абылгазиев "Евразия жумалыгы" форумунун ачылыш аземинде айтты.

Аталган иш-чара 2-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Аблгазиев өз сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБдеги позициясын чыңдап жатканына токтолду.

"Кыргызстан — чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Ал ак иштеп, акча табам дегендер үчүн ачык. Жакында эле бизнес-омбудсмен институтун түздүк. Текшерүүгө эки жылга чейин мораторий киргизилди, ишкерлерди тейлей турчу борбор ачылды. Аймакта бизнес баштагысы келгендер төрт салыктан бошотулду. Алар: сатуудан алынган салык, киреше салыгы, жер салыгы жана кыймылсыз мүлк салыгы. Мындай чечим Кыргызстанда биринчи жолу кабыл алынды", — деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле Кыргызстан эл аралык Doing Business рейтингинде өз позициясын жакшыртып жатканын белгиледи.

Улуттук банк ЕАЭБдин беш жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарды
Абылгазиев, андан сырткары, ЕАЭБдин аймагындагы көйгөйлөргө да токтолду. Атап айтканда, биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы ички сооданын көлөмү. Ал 2016-жылдан бери 279дан 18ге чейин төмөндөп кеткен. Премьер бул өз кезегинде эркин рынокко кедергисин тийгизип жатканын билдирди.

25-27-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" ишкер-форуму өтүп жатат. Бул иш-чара 2016-жылдан бери ЕАЭБге кирген мамлекеттердин борбор калааларында болуп келет.