Бишкекте пара алып жаткан милиционерлер кармалды. Атайын операциянын сүрөтү

Бишкек шаарынын милициясынын маалымат кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк айтып беришерин билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Борбор калаада Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин кармагандыгын билдирди. Бул тууралуу ИИМдеги маалымат булактар кабарлады.

Кармоо иштери 24-сентябрга караган түнү болгон. Анын айтканына караганда, аталган райондук милициянын ыкчам үч кызматкерине жана бир тергөөчүсүнүн үстүнөн арыз түшкөн. Алар пара алды деген шек менен күнөөлөнүүдө. 

Бишкекте пара алып жаткан милиционерлер кармалды. Атайын операциянын сүрөтү

"Аларды акча алып жатканда кармашкан. Окуя болгон жерден 1000 доллар табылган", — деп айтып берген маалымат булагы.

Бишкек шаарынын милициясынын маалымат кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк айтып беришерин билдиришти.