Учактар жана БТРлер. Кыргызстан менен Россия Балыкчыда аскерий машыгуу өткөрдү

Машыгуу маалында эл аралык терроризмге каршы туруу жана Борбор Азиядагы аскерий коопсуздукту камсыздоого көңүл бурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда кыргыз-орус аскерлеринин "Центр-2019" машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

Машыгуу Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскер топторунун бөлүмдөрү менен башкармалыктарынын бирдиктүү иштөөсүн камсыздоо максатында өткөрүлгөн.

Андан сырткары, мотоаткычтар, инженерлер, артиллерия бөлүмдөрү, атайын даярдыктагы аскерлер, ошондой эле аскерий-техника, аба күчтөрү эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтүштү.

Жээнбеков Путин менен жолугуп, ыраазычылык билдирди
Башкалардан өзгөчөлөнгөн аскерлерге медаль жана Ардак грамоталар тапшырылды. Эки мамлекеттин гимнинин коштоосунда желектер түшүрүлүп, бардык иш-чаралар жыйынтыкталган.

Ысык-Көл облусунда өткөн "Центр-2019" машыгуусуна Кыргызстан менен Россиянын 500дөй аскери катышты. Андан сырткары, 100гө жакын аскер техникасы тартылды. Аталган аскерий машыгуу 16-сентябрдан 22-сентябрга чейин болуп, бир нече мамлекетте уланган. Негизги бөлүгү Россиянын Оренбург облусунда өтүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Индиянын, Пакистандын жана Кытайдын 130 миңге жакын жоокери катышкан. Оренбургда өткөн машыгууга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков күбө болду.