Апта ирмеми: Айсулуунун ийгилигинен кымча бел Ирина Шейкке чейин

Sputnik

Амазония токоюнда чыккан өрт өчүрүлө элек. Тилсиз жоонун мизи кайтарылбай келе жатканына бир айдан ашты.

Улак кучактап тай казанга кулаган Тыналиев. Чүй менен Оштун беттеши сүрөттө
Ал эми Грециянын Корония көлүндө аба ырайынан улам суу жылып, миңдеген балык кырылып калды. Негизи эле соолуп бара жаткан бул көлдө акыркы үч жыл ичинде суунун үчтөн эки бөлүгү жок болуп кеткен.

Анткен менен өткөн жумада көңүлдү көкөлөткөн кабарлар дагы болду. Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын утуп, дүйнө чемпиону болду.

Апта аягында, тагыраагы, 21-сентябрда Талас облусунда Биринчи улуттук көчмөндөр оюндары аяктап, жабылуу аземи өттү.

1 / 20
Тилсиз жоонун кесепети. Амазония токоюнда чыккан өрт бир айдан бери өчүрүлө элек
2 / 20
Исландиядагы Гульфосс шаркыратмасынын жанындагы турист
3 / 20
Кыргызстандык Айша Изабекова көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында (Азербайжан)
4 / 20
"Уйкудагы сулуунун түштөрү" шоусундагы балет бийчилери (Москва шаары)
5 / 20
Таластагы Биринчи улуттук көчмөндөр оюндары маалындагы көк бөрү мелдеши
6 / 20
Индиядагы чопо чеберканасы
7 / 20
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия лидери Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу талаа наавайканасында даам ооз тийип жатышат. "Центр–2019" ири аскер машыгуусунан бир ирмем
8 / 20
"Центр–2019" ири аскер машыгуусундагы МИ-24 тик учагы. Тажикстан
9 / 20
АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Мексико штатынын жарандары менен жолугушуу маалында
10 / 20
Япониялык сүрөтчү Сиота Тихарунун "Багытсыз саякат" инсталляциясы
11 / 20
Грециянын Корония көлүндө аба ырайынан улам суу жылып, миңдеген балык кырылып калды
12 / 20
Өткөн аптанын жума күнү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө активисттер климаттын кескин өзгөрүшүнө каршы акцияга чыгышты. Алар бийликтегилерден чара көрүүнү талап кылып жатат.
13 / 20
Франкфурттагы (Германия) автоунаа жолу
14 / 20
Парижде (Франция) өзгөчө "мода көргөзмөсү" өттү. Түркүн-түстүү кийинген толук адамдар көчөчө чыгышты
15 / 20
Японияда өтүп жаткан дүйнөлүк серфинг мелдешиндеги бразилиялык Габриэль Медина аттуу спортчу
16 / 20
Таластагы Биринчи улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи 21-сентябрь күнү өттү
17 / 20
Крым аскердик-тарыхый фестивалы
18 / 20
Невада штатындагы (АКШ) 51-аймак аскердик базасынын жанында инопланетяндын костюмун кийип сүрөткө түшкөн жарандар. Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар арасында аталган базада жерге келген НЛО тууралуу материалдар сакталат деген кептер бар.
19 / 20
Россиялык модель Ирина Шейк Versace брендинин мода жумалыгында
20 / 20
20-сентябрь күнү Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду!