Улак кучактап тай казанга кулаган Тыналиев. Чүй менен Оштун беттеши сүрөттө

Sputnik

"Манас Ордого" 300 боз үй тигилди. Көчмөндөр оюндарынан кызыктуу кадрлар
Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды.

Чүй облусунун командасы буга чейинки оюндарда финалга чыкпай жеңишти колдон чыгарчу. Команданын улакчысы Рустам Тыналиев бул оюнга катуу даярданышканын билдирди.

"Облустун алдыңкы улакчыларынын баарын чогултуп, аттардын да мыктысын тандап алып келгенбиз. Бүгүн ошол чоң даярдыгыбыздын акыбети кайтып жеңишке жеттик", — деди Тыналиев.

Ал эми Ош облусунун командасынын капитаны байыш Ниязов аттары буга чейин алты оюнга чыгып чарчап калганын белгиледи. "Достук" командасындагы күчтүү аттар президенттин кубогунда жаракат алгандыктан, минип чыгышпаганын айтат.

1 / 13
Чүйдүн улакчылары оюн башталганда эле дароо эсеп санын ачып, бир улак таштады
2 / 13
Ош облусу күчтүү атаандаш экенин билген чүйлүк улакчылар кан-жанын аябай ойноду
3 / 13
Камчыны тиштеп, эңип алган улагын такымга басууга камданып жаткан Чүйдүн белгилүү улакчысы Рустам Тыналиев. Ал Кыргызстандын курама командасында да ойнойт.
4 / 13
Көк бөрүнү көрүүгө жалаң эле эркектер келген жок. Мына минтип бир баласын жетелеп, экинчисин колуна көтөрүп келген аялдар да болду.
5 / 13
Чүй облусунун улакчылары чабуулун токтоосуз улантып, улакты атаандаштарынын тай казанына үстөкө-босток ыргытып жатты.
6 / 13
Оштун командасы деле күчтүү улакчылардан куралган. бир тууган Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор, Таши Майлыбашев жана Айбек Темирбаев ойноп жатты. Бирок минген аттары чабал болуп калды.
7 / 13
Эламан Нурболот уулу да жеңишке жетелеген салымдарды жасап жатты.
8 / 13
Ош облусунун жалгыз улагын команда капитаны Байыш Ниязов таштады.
9 / 13
Манас Ниязов улакты жулуп чыгып чаң ызгыткан тейде чаап баратканда аты жыгылып, өзү үстүнөн ашып түштү. Бактыга жараша жаракат алган жок.
10 / 13
Райхан Алканов атындагы ипподром 2000 орундукка ылайыкташып салынган. Көк бөрү оюнун көрүүгө келгендер ага да батпай, тегерек четинде тик туруп көрүштү.
11 / 13
Катуу даярдыкта келген Чүйдүн улакчылары атаандаштарынын айласын кетирип, оюн бүткүчө 14 улак салышты.
12 / 13
Чүй облусунун командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды. Аларга медаль, кубок жана 300 миң сом ыйгарылды.
13 / 13
Бул Чүй командасы көптөн күткөн жеңиши болду. Буга чейинки оюндарда финалга жетпей жеңишти колдон чыгарышчу.