БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды.
Эсеп санын биринчи болуп Чүй облусунун командасы ачып, ошол бойдон артыкчылыкты берген жок. Ош облусу бир да улак сала албай 4:0 эсеби менен бүттү.
Оюндун экинчи бөлүгүндө да Оштун улакчылары оюн көрсөтө албады. Ал эми Чүй командасы чабуулун токтоосуз улантып, эсепти 7:0гө чыгарды.
Ош облусу үчүнчү бөлүктө жанданып, алгачкы улакты команда капитаны Байыш Ниязов таштады. Оюн 14:1 эсебинде аяктап, Чуй облусунун командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча чемпиону аталды.
Экинчи орунду Ош облусу камсыздап, үчүнчүнү Талас, төртүнчүнү Бишкек шаары ээледи.
Көк бөрү мелдешине өлкөнүн жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары катышты.
Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сом.
Ал төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- 1-орунга — 300 миң сом;
- 2-орунга — 200 миң сом;
- 3-орунга — 100 миң сом;
- 4-орунга — 50 миң сом;
- 5-9-орундарга 30 миң сомдон берилет.