Арсен Өмүралиев атындагы театр сезонун "Алчалуу бак" менен ачат

Жаңы спектаклдин ачылышынан тышкары эл аралык кичи форматтагы IMPULSE театралдык фестивалы да старт аларын билдиришти. Фестивалга Швеция, Россия, Молдова, Казакстандан артисттер келип катышары күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры күзгү сезонду жаңы спектаклдер менен баштай турганын билдирди.

Ага ылайык, жаңы спектакль "Алмалуу бак" деп аталат. Пьесанын автору — белгилүү жазуучу Антон Чехов.

"Оюнду Россиядан келген режиссёр Татьяна Захарова сахналаштырууда. Премьера 25-сентябрда кечки саат 19:00дө башталат. Ага удаа эле Эл аралык кичи формадагы IMPULSE театралдык фестивалы да старт алат. Фестивалга Швеция, Россия, Молдова, Казакстандан артисттер келип катышары күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын программасы:

  • 25-сентябрь, 19:00дө "Алчалуу бак" спектакли. Режиссёру Татьяна Захарова. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек драма театрынын артисттери аткарат;
  • 26-сентябрь, 19:00дө "Соло из Ямы" спектакли. Автору жана аткаруучусу Швециядагы театрдын артисти Элиас Файнгерш;
  • 27-сентябрь, 19:00дө "Три жизни Айседоры Дункан" спектакли. Автору Зиновий Сагалов, режиссёру Мария Пальницская, аткаруучу Яна Лазарь. Молдовадагы Антон Чехов атындагы театрдын кызматкерлери;
  • 28-сентябрь, 19:00дө "Пугачев Рождение" спектакли. Режиссёр Алексей Шемес Сергей Есениндин поэмасынын негизинде жазган, аткаруучу Марат Амираев. Казакстандагы Байтен Оморов атындагы "Жаз сахна" театры;
  • 29-сентябрь, 19:00дө "Малявочка" моноспектакли. Федор Достоевскийдин романынын негизинде Россиядагы "Ведогонь-Театрынын" актёру Павел Курочкин аткарат.