Абылгазиев бала-чакасы менен бак отургузду. Парктагы сүрөттөр

Өкмөт башчы эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убактысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж экендигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес. Эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убактысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж. Ошондуктан борборубузга эң жашыл шаарлардын бири деген атагын кайрадан кайтарууга умтулабыз", — деген Абылгазиев.

Ал өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана "Эко Деми" фондусунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги таштанды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.

Үй-бүлөңөр менен болгула! Мирзиёев жекшембиде иштөөгө тыюу салды
"Экология жана курчап турган чөйрөнүн булгануу маселелерин чечүүгө жумшалган күч-аракеттер канчалык маанилүү экендигин биз жакшы түшүнөбүз. Бул суроолорду кийинкиге калтырбай, азыртан чечүү керек. Ошондуктан адамдарды жаратылышты сүйүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, эң башкысы, келечек муундун алдындагы жоопкерчиликке үйрөтүү абзел. Мен бүгүн ишембиликке бекеринен балдарымды ээрчитип чыккан жокмун. Бул сапаттарды бала чактан калыптандыруу керек. Курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу маселелери боюнча кыргызстандыктардын аң-сезими жыл сайын өсүп жатканы мени кубандырат. Өкмөт жарандык активисттердин экологиялык ишмердүүлүгүн колдойт. Биз жаратылышты коргоочу технологияларга өтүүнү жана зыяндуу технологиялардан баш тартууну өбөлгөлөөгө аракет көрүп жатабыз", — деди Абылгазиев.

2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү" (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.