Полдо жаткан аялдар. Төрөт үйүндөгү абалга министрлик түшүндүрмө берди

Министрликтин берген маалыматына караганда, бүгүн, 20-сентябрда, көз жаргандар абдан көп болгон. Негизи акушерлер бир суткада 10-15 төрөт кабыл алса, бүгүн 30 ымыркай жарыкка келген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын социалдык тармактарында Чүй облустук төрөт үйүндөгү кырдаалга байланыштуу саламаттыкты сактоо системасын сынга алып жатышат.

Төрөтканада полдо жаткан аялдардын сүрөтүн жүктөгөн Анара Акматбекова көргөн көзүнө ишене албай жатканын жазган.

"Таң калып жатам, палаталар толуп калыптыр. Жаңы төрөгөндөр жерде жатышат. Бардык жер чаң. №4 төрөт үйүн оңдоо үчүн жаап салышыптыр. Мындан улам кош бойлууларды Чүй төрөт үйүнө жөнөтүп жатышыптыр. Саламаттыкты сактоо министри бир нерсе жасайбы? Бөлүшкүлө! Чоң трибунадан "баары жакшы" дегендер көрсүн", — деди Акматбекова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева Sputnik агенттигине министрликтин буйругу менен төрөт үйлөрү жыл сайын оңдоо иштери үчүн жабыларын билдирди.

16-августта үй-бүлөлүк ири медицина борборлорунун бардыгына кызмат көрсөткөн №4 шаардык перинаталдык борбор жабылган. №4 төрөт үйүнүн ордуна Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, №2 клиникалык төрөт үйү, №1 төрөт үйү, Чүйдөгү төрөт үйү менен Репродукция борбору нөөмөттөшүп кызмат көрсөтүүдө. 

Токмокто 57 млн. сомго төрөт үйү курула баштады
"Бүгүн Чүй облустук төрөт үйү нөөмөттө болду. 3-4 аял бош керебет жок болуп калгандыктан жерге жатып калышты. 2-3 сааттан кийин алар төрөт үйүнөн чыгарылат. Сураныч, туура түшүнүңүздөр! Аялдар ыңгайлуу жана таза палатада жатышы үчүн оңдоо иштери үчүн жабууга аргасызбыз. Биздин төрөт үйлөр эски имаратта болсо да заманбап шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Бардык кесиптештерим үчүн кечирим сурайм. №4 төрөт үйү 28-сентябрда ачылышы керек. Андагы оңдоо иштери төрт күнгө кеч бүтүп жатат", — деди Асылбашева.

Бүгүнкү күндө жаңы төрөгөн аялдар менен ымыркайлар жабыркаган жок. Асылбашева ошондой эле бүгүн көз жаргандар абдан көп болгонун белгиледи. Анын айтымында, негизи акушерлер бир суткада 10-15 төрөт кабыл алса, бүгүн 30 ымыркай жарыкка келген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.