Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду! Видео

Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын финалында болгариялык Тайбе Юсейн менен кармашты. Атаандашы Европанын жана дүйнөнүн чемпиону экендиги маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын байге утту. Мелдеш Бириккен күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтынан көрсөтүлдү.

Балбан финалда болгариялык Тайбе Юсейн менен кармашып, 5:3  эсебинде утту. Атаандашы Европанын жана дүйнөнүн чемпиону экендиги маалым.

Белгилей кетсек, Тыныбекова чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн алгачкы кыргызстандык кыз болду. Мындай ири мелдеште буга чейин 2007-жылы Канат Бегалиев, ал эми 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алган.

Айсулуу Тыныбекованын финалга чейинки жолу. Беттештердин толук видеосу
Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында жалпысынан беш кармаш өткөрдү.

Алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны ишенимдүү түрдө утту. Эсеп 8:0 болгон. 8/1 финалда япониялык Юкако Каваинин далысын килемге тийгизип, таза жеңиш менен жеңүүчү болду. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты 9:6 эсеби менен жеңип, Олимпиада оюндарына лицензия алган. Мелдештин жарым финалында түндүк кореялык Йонг Сим Римди 8:0 эсеби менен жер караткан.

Дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо бере турчу мелдеш болуп эсептелинет. Азырынча Тыныбековадан тышкары лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков ала алды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.