Россиялык жарандарды карактаган "УКМК кызматкерлери". Шектүүлөр кармалды

Тергөө учурунда кылмышкерлердин УКМКга эч кандай тиешеси жок экени аныкталган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында Чүй облустук милициясынын кызматкерлери шектүү катары 41 жана 47 жаштагы эки кишини кармады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россиялык жарандарды тоноду деп шектелген эки киши кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ноокатта мал уурдоого шектелген эки милиция кызматкери колго түштү
Окуя 17-сентябрь күнү болгон. Бишкек — Торугарт автожолунда (Ивановка айылынын тушу) Россия жарандары бараткан машина токтотулган. Өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган эки киши чет элдиктердин документин талап кылып, сумкаларын текшерүүгө алган. Ээсине билгизбей 10 000 рубль өлчөмүндө акча каражатын алып, из суутуп кетишкен.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.

"Тергөө учурунда кылмышкерлердин УКМКга эч кандай тиешеси жок экени аныкталган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында Чүй облустук милициясынын кызматкерлери шектүү катары 41 жана 47 жаштагы эки кишини кармады", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта тергөө иштери уланып жатат.