Сооронбай Жээнбеков эртең Владимир Путин менен Оренбургда жолугат

Путиндин конокторунун катарында Кыргызстандын өлкө башчысы Жээнбеков дагы бар. Ошондой эле алардын өз ара сүйлөшүүсү күтүлүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 19 сен — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин эртең, 20-сентябрда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Оренбург шаарында жолугат. Бул тууралуу РИА Новости РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды. 

"Президенттин конокторунун катарында Кыргызстандын өлкө башчысы Жээнбеков дагы болот. Ошондой эле алардын өз ара сүйлөшүүсү күтүлүп жатат", — деди Песков.

Жээнбеков Катарга элчи дайындап, Россиядагы консулдарды алмаштырды
Президенттин аппарат кызматынан дагы Жээнбеков Оренбургда Путин менен жолугарын тастыкташты.

20-августта Песков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эки мамлекеттин башчылары Россияда өтө турган "Центр-2019" ири аскер машыгууларына барышы мүмкүн экенин билдирген. 

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскерлери тартылат.