96 жаштагы абышка өзүнөн кичүү кишиге турмушка чыкканын 20 жылдан соң айткан

Улуу Британияда ардагер өзүнөн 23 жаш кичүү кишиге турмушка чыкканын бир нече жыл бою айтпай жашырып жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 96 жаштагы Жорж Монтегю өзүнөн 23 жаш кичүү кишиге турмушка чыккандыгын ачыкка чыгарып, бир топ жылдан кийин айтып берди. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазып чыкты.

Бай болсоң эмне кылайын! Колун сураган жигиттин супсунун сууткан кыз. Видео
Согуштун катышуучусу кезегинде Улуу Британиянын Аскер аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Анын айтымында, жыныстык ориентациясын энесин аягандыктан жана абакка отуруп калуудан коркуп айтпай жүргөн. Башында аял кишиге үйлөнүп, жубайлар үч балалуу болуп, 20 жылга чукул бирге жашаган.

1981-жылы Жорж Монтегю энеси каза болгондон кийин жашоосунун нугун өзгөрткөн. Маалыматтарга караганда, буга бир нече жыл чогуу жашаган аялы каршы болгон эмес.

1997-жылы мурдагы аскер Монтегю азыркы күйөөсү, 50 жаштагы Сомчайды жолуктурган. BBC News жазган маалыматка таянсак, 18 жыл бирге жашагандан кийин 2015-жылы үйлөнгөн.

Алардын сүрөтүн социалдык тармактан көрүүгө болот.

Учурда 96 жаштагы бул адам Улуу Британияда өткөн гей-параддын туруктуу катышуучусу экендигин да айтып берген.