Мэрия электрондук билеттер кимдерге берилерин эске салып, эскизин көрсөттү

Чоң адамдар бул кызматты 20-сентябрдан тарта колдоно баштаса, окуучуларга электрондук билет октябрь, ноябрь айларында берилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Пенсия курагындагылар, майыптыгы барлар жана почта кызматкерлерине электрондук билет акысыз берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 20-сентябрдан тарта Бишкектеги 14 троллейбус менен 8 автобус сынамык иретинде электрондук билет системасында иштей баштайт. Анда электрондук билет сатып алгандар жол кире төлөбөй эле электрондук билет менен жүрө алышат.

Чоң адамдар бул кызматты 20-сентябрдан тарта колдоно баштаса, окуучуларга электрондук билет октябрь, ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруткаларда дагы ушул система иштей баштайт.

"Карталар бекер, льготалык (окуучулар үчүн) жана стандарт болуп үчкө бөлүнөт. Акысыз карталар пенсия курагындагыларга, майыптыгы барларга жана почта кызматкерлерине берилет. Учурда билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери мугалим жана ата-энелер менен биргеликте ар бир баланын өзүнө электрондук карта жасатуу үчүн маалымат чогултуп жатат. Окуучулар тууралуу маалыматтар мектепте сакталат, мындан улам ата-энелер ага кабатыр болбой эле койсо болот", — деп жазылат маалыматта.

Эми жол кире төлөөгө зер буюмдар да "жарайт". Жаңы ыкмалар тууралуу
Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы — 175 сом. Ал эми картаныкы — 50 сом. Эгерде карта жоголуп же жараксыз болуп калса, эски картаны жокко чыгарып, жаңысын алууга болот.

Андыктан, Бишкек мэриясы ата-энелерди балдардын маалыматтарын топтоп жатканда ага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Карта алуу үчүн эмне керек:

  • 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (смартфонго деле тартса болот. Башкысы сүрөт сапаттуу жана арткы фону ак болушу кажет).
  • Сүрөттү сактаганда ылдый жагына окуучунун аты-жөнүн, туулган жылын жана окуган мектебин жазуу керек.
  • Маалыматтарды мектептин администрациясына берүү зарыл.
  • Жеке маалыматтарды берип жатканы боюнча келишимге кол коюу керек.
  • Өспүрүм тууралуу маалымат мектептердин маалымат базасында сакталат.

Эске салсак, Бишкектеги коомдук транспортто электрондук билет системасын ишке киргизүү боюнча тендерди Швейцариянын BPC компаниясы утуп алган.