Тарыхый окуя! Тыныбекова алгач ирет дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Видео

Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатынын финалында грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев (2007) менен Жоламан Шаршенбеков (2018) күрөшө алган. Кыздар арасында мындай көрсөткүч биринчи жолу болуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Балбандардын сап башы Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын жарым финалында түндүк кореялык Йонг Сим Римди 8:0 эсеби менен утуп, финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш федерациясынын (UWW) расмий сайтында көрсөтүлдү.

Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет.

Спортчу алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утса, 8/1 финалда япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен жеңген. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты 9:6 эсеби менен жеңип, Олимпиада оюндарына лицензия алган.

Намыска жарады! Балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына лицензия утту
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатынын финалында грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев (2007) менен Жоламан Шаршенбеков (2018) гана күрөшө алган. Кыздар арасында мындай көрсөткүч биринчи жолу болуп жатат.

Эске салсак, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.