БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын 19-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында биринчи маселе кылып карай турган болушту.
Буга чейин эл өкүлдөрү өкмөттүн маалыматын бүгүн, 18-сентябрда, саат 14:00дө карайбыз деп добуш беришкен болчу.
Депутаттардын добушу менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 19-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында биринчи маселе болуп каралмай болду.
Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды. Алардын бири комада жатканы кошумча кабарланган.
Ал эми Тажикстан тараптан үч адамдын каза тапкандыгы айтылган.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.