БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна барып, кыргыз-тажик чек арасында ок жеп борбор калаага алып келинген бейтаптардан кабар алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган илимий борбордун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Анын билдиргени боюнча, жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.
"Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы жабыркагандардын туугандары менен да баарлашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Жаракат алгандарга президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.