"Жалалабадэлектр" менен "Ошэлектр" ишканаларынын жетекчилиги алмашты

Эки облустун тең башкы директору жана орун басарлары мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Директорлор кеңешинин чечими менен "Жалалабадэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Дурусбек Рахманов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Коммерциялык маселелер боюнча орун басарлыгына Мыктыбек Жумабаев, экономика жана каржы боюнча орун басарлыгына Мирлан Байсымаков дайындалган.

Айтмамат Назаров "Улуттук энергохолдингде" ишти эмнеден баштай турганын айтты
Мурунку директор Кеңешбек Маматканов жана орун басарлары мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетишкен.

Дурусбек Рахманов Ашимович буга чейин Жалал-Абад райондук электр тармактарынын башчысы болуп иштеп жаткан. Ага чейин Базар-Коргон райондук электр тармагын жетектеген.

Ага удаа эле "Ошэлектр" ишканасынын жетекчилиги алмашып, башкы директорлукка Артур Жусуев дайындалды. Биринчи орун басары болуп Нурлан Райимберди уулу, коммерциялык маселелер боюнча орун басарлыгына Улан Мамасадыков, экономика жана каржы боюнча орун басарлыгына Медет Жумаев келген.