Бабаңдан бото калбаса да, бата калсын тууруңа! Сүйүнбай Эралиевдин нускасы

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Сүйүнбай Эралиевдин кеп казынасын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!
Sputnik

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жарыкка келген. Ал чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында баштаган. Согушта жарадар болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин "Сталиндик жеңиш", Талас облустук "Лениндик туу" гезиттеринде иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат да, 1949-жылы "Биринчи жаңырык", 1950-жылы "Тууган жер" аттуу жыйнактарын жарыкка чыгарат.

Биз байларга шайланарда керекпиз. Шайлообек Дүйшеевдин нускасы
Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

Акын Уитмендин, Тагордун, Мирзо Турсун-заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле өзүнүн чыгармалары көп тилдерге которулуп, "Жылдыздарга саякат" поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

Сүйүнбай Эралиевдин кеп казынасы:

Атаңдан алтын калбаса да, акыл калсын уулуңа,
Бабаңдан бото калбаса да, бата калсын тууруңа.
Айлуу күндү Теңирим, сарсанаага салбасын,
Саналууга бербесин, бешикте балабыз коркпосун.

Белесте атыбыз үркпөсүн,
Айылыбызда кырсык болбосун,
Арыкта суубуз соолбосун,
Эмчек баштуу эне жер — эсендикти улап турсун,
Алтын баштуу ата жер — амандыкты сурап турсун!

***

Жол — дүйнө, турган дайым күрү-күүдө,
Шарактап, аркы-терки турмуш көчүп.

Жер болсо тегирменче жүгүрүүдө,
Үстүндө өмүр жылт-жулт күйүп-өчүп.

***

Бүтпөйт деле тирилик…
"Өмүр" деген повестти
Өлмөйүнчө жүгүрүп
Жүрүп жазат эмеспи!

***

Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.