Жумуртканы ченеп жеш керекпи? Адистер көндүм адаттар боюнча айтып берди

1960-жылдары Американын кардиологиялык ассоциациясы адам жумасына үчтөн ашык жумуртка жебеш керектиги, болбосо, холестериндин көптүгү жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратарын билдиргени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жумуртканы ашыкча жеп алуу жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине терс таасирин тийгизип, кант диабетин болтурат деген туура эмес. Бул тууралуу "Известия" техастык окумуштууларга шилтеме берип жазды.

1960-жылдары Американын кардиологиялык ассоциациясы адам жумасына үчтөн ашык жумуртка жебеш керектиги, болбосо холестериндин көптүгү жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратарын билдиргени айтылат.

Салаңдаган курсактан арылам дегендерге сунушталган 20 азык
Бул маалыматты тактоо үчүн техастык окумуштуулар 48 ыктыярчы менен эксперимент жүргүзүп, алардын жумурткадан тамак жасаганына байкоо салышкан. Натыйжада окумуштуулар жумуртканын өзү зыян эместигин аныкташкан. Адистердин айтымында, адатта аталган азыкка май кошуп, колбаса же бекон менен куурушат. Дал ушундай тамак ден соолукка бычак.

Кийинки экспериментте адистер жумуртканын көптүгү глюкозанын деңгээлине кандай таасир берерин текшеришкен. Катышуучуларга бир күнү куурулган жумуртка, экинчи күнү мүнөздөп тамак беришкен. Анткен менен организмде эч кандай өзгөрүүлөр байкалган эмес. Белок, углевод, каллория жана май эки күндө тең ошол бойдон турган.

Жыйынтыгында адистер дени-карды соо адамга жумуртканы колдонууга чек жок деген жыйынтыкка келишкен.