Жаанчыл болчудай. Октябрга карата аба ырайынын божомолу

Октябрь айында эң жогорку температура 25 градуска чейин болот деп кабарланды. Синоптиктер Алай өрөөнүнөн сырткары аймактарда жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болорун божомолдоду.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Октябрь айына карата синоптиктердин берген божомолунда сууктун күчү аймактарда -12 градуска чейин түшүп, күз жаанчыл болот. Бул туурасында ӨКМдин алдындагы Кыргызгидромет билдирди.

Чүй жана Талас облустары

Сак болуңуз! Дарыгерлер инфарктты пайда кылган жагдайларды атады
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус төмөн болуп Чүй, Талас өрөөндөрүндө +7…+9, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө +5…+7 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү суук 1...3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы +10…+15тен +18…+23 градуска чейин өзгөрүлүп, кээ бир күндөрү +3…+8 градуска чейин болушу мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен баштап -1…-6 градуска чейин, күндүз +7…+12ден тарта +13…+18 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөндөп, +10…+12 болсо, тоо этектериндеги райондордо +6…+8 градуска түшөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан тарта +8...+13 градуска чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +13…+18ден тарта +20…+25 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү термометр +7…+12ни көрсөтөрү болжолдонууда.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден тарта +9...+14 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү -1…-3 болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +8…+13төн тарта +15…+20 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Эске алчу учур — кээ бир күндөрү +1…+6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +6…+8 градус жылуу болушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2 градус сууктан +3кө чейин, чыгыш бөлүгүндө -4 градустан +1 градуска чейин болушу, күндүз +5…+10дон тарта +12…+17 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, +4…+6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 сууктан +2 градуска чейин чыгат деген божомол бар. Ат-Башы районунда кээ бир түндөрдө аба ырайы -3...-8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн делсе, күндүз +3…+8 градустан +10…+15 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1° сууктан +1 градус жылуулукка чейин жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0...-5° сууктан -6...-11 градус суукка чейин, күндүз -3 жана + 2 градустан +4...+9° болуп өзгөрүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° төмөн болуп, 0…+2 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0...-5тен -7...-12 градуска суукка чейин, күндүз -1 ... +4 градустан тарта +7...+12 градуска чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу мүмкүн.