Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу

Австралиялык окумуштуулар ичеги-карынга уйдун, койдун жана чочконун этинин зыян экендигин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар ичеги-карындын рагын кантип алдын алса болорун айтып беришкенин "Известия" жазды.

Алардын маалыматына караганда, рактын бул түрүнүн 35 пайызы адамдын жашоосуна, анын ичинен начар тамактанууга байланыштуу болот. Биринчи иретте клетчаткаларды көп кылып, мүнөздөп тамактанууга кеңеш беришти.

"Чоң кишилер күнүнө 30 граммдан кем эмес клетчатка жеши керек. Анын буудайдын улпагында көптүгү маалым, андыктан ботко, йогурт жана смузиге кошсо болот", — деп айтылган маалыматта.

Дарыгерлер сүттүн зыяндуу жактарын айтып берди
Профилактика иштерине сүт азыктары менен кофе жакшы жардамчы экен. Андан сырткары, балыктын майы бар омега-3 майлуу кислотанын пайдалуу болору аныкталган.

Адистер этти аз жеш керектигин, уй, кой жана чочко этинин зыян экендигин айтышты.

Буга чейин интернетте оору чакырган, анын ичинен ракка себепкер болгон тиричилик каражаттарынын тизмеси жарыяланган.