"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт

Соода кылуу тартибин бузгандар менен оюндарды мыйзамсыз уюштуруп жаткандарга айып пул салынган жок, бирок эскертүү берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Район администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады. Алардын буга чейин мыйзамсыз коюлуп жана иштеп келгени айтылды. 

"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт

Аталган конструкциялардын ээлери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргөн.

Мэриядан мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлө тургандыктарын айтышты. 

"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт

Эгерде Бишкек шаарынын тургундары калаадагы мыйзамсыз соода жайларын же жайма базарды көрсө, мэриянын 0 (554) 18-21-85  WhatsApp каналына кабарласа болот.