Актриса Анастасия Заворотнюк дем алдыруучу аппаратка туташтырылды

Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу медикаментоздук кома абалындагы бейтап үчүн жасала турган кадыресе кадам экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Белгилүү россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун абалы оорлоп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Белгилей кетсек, Заворотнюктун акыркы стадиядагы мээ рагына чалдыкканы айтылган. Айрым ЖМКлар актриса кома абалында экенин жазып чыгышкан. Бирок анын өкүлдөрү мындай маалыматтарды тастыктап да, төгүндөп да берише элек.

"Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу медикаментоздук кома абалындагы бейтап үчүн жасала турган кадыресе кадам", — деп айтылат билдирүүдө.

Юлия Началованын атасы: өлүмүнө кызым өзү күнөөлүү
Дал ушундай илдет менен дагы бир белгилүү ырчы Жанна Фриске да каза тапканы белгилүү.

Анастасия Заворотнюк 48 жашта. Чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Калың элге "Моя прекрасная няня" сериалынан кийин таанылган. Актёрлуктан сырткары алып баруучулукту аркалап, бир катар теледолбоорлорго катышкан. Үч ирет турмуш куруп, эки кыз, бир уулдуу болгон.