Кереметпи же оорубу? Көзүнөн "алмаз" аккан армениялык келиндин видеосу

Армениялык келиндин көзүнөн күнүнө 50дөн ашуун катуу жана учтуу криссталдарды алып чыгышат. Азырынча кеселдин так диагнозу коюла элек.
Sputnik

Sputnik Армениянын жазышынча, Спандарян айылынын 22 жаштагы тургуну Сатеник Казарян ыйлаганда көзүнөн изумруд аккан кыздар тууралуу жомокту угуп, бирок ишенген эмес. Эки ай мурда анын көзүнөн биринчи "алмазды" алып чыгышкан.

"Үйүндөгүлөр башында ага айнек кирип кетсе керек деп ойлогон. Бирок мындай көрүнүш эки жума бою улам кайталана бергенде ооруканага алып барышкан. Натыйжада, бул дарыгерлерди дагы нес кылып, так диагноз коё албай коюшкан",  — деп айтылат маалыматта.

Учурда медициналык текшерүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. Келиндин туугандары Армениянын Саламаттыкты сактоо министринин орун басарына чейин жолугуп, майнап чыкпай жаткандыгын айтышкан. 

Сатениктин үй-бүлөсү аз камсыз болгондордон. Жолдошу биринчи топтогу майып, кайын атасы менен кайын энеси пенсионерлер, беш жашар баласы бар.