Avia Traffic Петербург — Бишкек каттамын 15 саатка кечиктирди. Себеби

Самолёт саат 11.00дө Санкт-Петербургдан учмак. Кечигүүнүн себебин алгач аэропорттогу каттамдын көптүгү менен байланыштырышса кийин башка себебин айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Avia Traffic авиакомпаниясынын Санкт-Петербург — Бишкек каттамы 15 саатка кечигүү менен учат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга жүргүнчүлөр кабарлады.

Алардын билдиришинче, самолёт Кыргызстандын борбор калаасына Петербургдун убактысы боюнча саат 11.00дө "Пулково" аба майданынан учмак. Бирок ал кармалып, мунун себебин жүргүнчүлөргө аэропорттогу каттамдардын көптүгүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.

Учакты сааттап күткөн жүргүнчүгө компенсация төлөнөбү? Юристтин жообу
Бирок арадан 1,5 саат өткөндөн кийин учактын өзүндө техникалык мүчүлүштүк болгонун билдиришип, ичинде отурган жүргүнчүлөрдү кайра түшүрүшкөн.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мунун себебин сурап Avia Traffic компаниясынын директору Алик Аскаровго чалганда, каттам эмнеге кармалып жатканын билбей турганын жана аны тактоого мүмкүнчүлүгү жоктугун айтты.

"Үч сааттай ары-бери сүйрөлүп жүргөндөн кийин авиакомпаниянын өкүлү учак түнкү саат 02.00гө чейин кармаларын кабарлады", — деди күтүп отурган жүргүнчүлөрдүн бири.

Ал эми авиакомпаниянын Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнүн маалымат борбору учак техникалык себептерден улам саат 02.30да абага көтөрүлөрүн ырастады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.