Жумгал, Токтогул, Аксынын жайлоолоруна кар жаады. Малчылар жардам суроодо

Сентябрдын башында Кыргызстандын бир катар тоолуу аймактарына калың кар жаап, жайлоодон көчө элек малчыларга бир топ түйшүк жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районундагы Ой-Кайың жайлоосунда 10-сентябрда калың кар жаап, он чабан мал-жандыктары менен калып калышкан.

Суусамырдын жайлоосунда 200 кой кар алдында калды
ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлагандай, малчыларды жакага түшүрүү үчүн куткаруучулар, милиция кызматкерлери, тез жардам кызматынан, мал доктурлар болуп жалпысынан 10 киши тартылган. Барган кишилер төрт малчыны аман-эсен кыштоого түшүрүшкөн. 13-сентябрда да жардам берүү иштери жүрөрү айтылды.

Ал эми Токтогул районунун Жапыртмак жайлоосуна 9-сентябрда калың кар жаап, эки чабан калып калган. 12-сентябрда алардын туугандары жардам сурап, куткаруучулар аларды коопсуз жерге көчүрүп келишкен.

10-сентябрда Аксы районундагы Кум-Бел менен Миң-Бугу жайлоосуна да кар түшкөн. Малчыларды көчүрүп келүүгө куткаруучулар, милиция кызматкерлери, малчылардын туугандары болуп жалпысынан 20дан ашык киши жөнөп кеткен. Чабандарды көчүрүү учурунда болжол менен 8 жылкы жана 13 баш кой өлгөн. Аталган жайлоодо калып калган малчыларга жардам берүү аракеттери бүгүн дагы уланат.