БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта жүргөн операция учурунда башына таш тийген Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан ошол эле шаардагы ден соолукту калыбына келтирүү жайларынын бирине которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Курманкулов реабилитациялык борборго 12-сентябрда жеткирилди, ал жакта дарылануусун улантат. Милиционердин абалы жакшырып бара жатат. Бирок толугу менен калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.
Ал эми 5-сентябрь күнү өз алдынча дем алып, сезүү органдары иштей баштаганда жандандыруу бөлүмүнөн палатага которушкан.