Бишкекте августтан бери түрттүрүлгөн, алынган объектилер. Сүрөт

Муниципалитет мыйзамсыз курулган үйлөр менен жеңил конструкцияларды түрттүрүп тим болбостон, жарнама такталарын да алууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Борбор калаада августтан бери дүкөн, дарбаза, турак үй, фундамент болуп отуруп, жалпы 13 капиталдык курулуш түрттүрүлүп, алынганын мэрия билдирди.

Мындан тышкары, жеңил конструкциядагы 76 павильон, контейнер, киоск, бастырма жана жайкы аянтчалар жок кылынган. Муну менен катар мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары да алынууда.

Ал эми жыл башынан бери жеңил конструкциядагы 1089 курулуш демонтаждалганы айтылды.