Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду жактырды

Буга чейин Исаковдун талапкерлигин тармактык комитет караган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковду жактырды.

Депутаттардын 107си Исаковдун талапкерлигин колдоого алды.

Депутат министр болчу Исаковдун мектеп фонддорун жабам деген оюн сынга алды
Буга чейин Исаковдун талапкерлигин тармактык комитеттер да карап, колдоого алган болчу.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп жаткан.

Эске салсак, мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматтан бошотулган. Өкмөт буга өзүнүн арызы себеп болду деп түшүндүрдү. Ал министрликти башкарып турган учурда бир топ сынга кабылган.